Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда улуттук оюндар боюнча мелдеш өтөт

Нооруз майрамына карата 20-мартта Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун факультеттери арасында улуттук оюндар боюнча студенттердин мелдеши өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта аталган окуу жайдын маалымат катчысы билдирди.

Иш-чара окуу жайдын дене тарбия жана спорт бөлүмү тарабынан уюштурулуп, жаштарды сергек жашоого, достукка үндөө максатында өткөрүлүп жатат. Бул мелдеште студенттер спорттун күрөш, кол күрөш, аркан тартыш жана тогуз коргоол түрлөрү боюнча таймашышмакчы. Жеңүүчүлөр окуу жай тарабынан сыйланышат жана Бишкекте өтүүчү "Универсиада-2014" оюндарына жолдомо алышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан