19-мартта жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу аймактарда унаа жолдору тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 3-8 метрге чейин жетет.
Чүй облусу. Күндүз +19°C, түнкүсүн +5°C
Талас облусу. Күндүз +17°C, түнкүсүн +4°C
Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз +9°C, түнкүсүн +7°C
Баткен облусу. Күндүз +19°C, түнкүсүн +6°C
Ысык-Көл облусу. Күндүз +12°C, түнкүсүн +1°C
Нарын облусу. Күндүз +10°C, түнкүсүн -5°C
Бишкек шаары. Күндүз +18°C, түнкүсүн +5°C
Эскертүү!
2014-жылдын 19-20-март күндөрү абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек - Ош, Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу, Каракол -Эңилчек, Ала-Бука - Каныш-Кыя унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу сакталат жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл. 18-19-мартта Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана абанын жогору температурасына байланыштуу ойдуң жерлерди суу каптоо коркунучу сакталат.