Жылнаама. 19-март: Мындан 35 жыл мурун белгилүү мамлекеттик ишмер Исхак Раззаков каза болгон

* 1474-жылы, 540 жыл мурун Венецияда алгачкы ирет ойлоп табылган нерселерге автордук укукту сактоо мыйзамы бекитилген. Автордук укук – атуулдук укуктун бир бөлүгү, адабият, искусство, илим чыгармаларын, ойлоп табууларды түзүүгө жана пайдаланууга байланышкан укуктарды жана милдеттерди аныктоочу юридикалык эрежелер, нормалар жана мыйзамдар. Автордук укук жеке автордун кызыкчылыгы менен жалпы коомдун кызыкчылыгын коргоого байланышат, ал укукту бузуу сот тарабынан каралат.

* 183 жыл мурун, 1831-жылы АКШда биринчи жолу банкты тоноо катталган. Англиялык иммигрант Эдвард Смит ачкычтын көчүрмөлөрүн колдонуу менен Нью-Йорктогу "City Bank of New York" банкынын имаратына кирип, ошол убакта эң көп деп эсептелген 245 000 долларды тоноп кеткен. Бирок укук коргоо органдары тарабынан ууру тез эле кармалып, уурдалган акчанын көпчүлүк бөлүгүн кайтарып алышкан. Бул кылмышы үчүн Эдвард Смит 5 жылга эркинен ажыратылган.

97 жыл мурун, тактап айтканда, 1917-жылы КРнын Эл артисти жана Баатыры, актриса Сабира Күмүшалиева туулган. Кыргыз маданиятына ат көтөргүс кызмат өтөгөн Кыргыз Эл Баатыры Сабира Күмүшалиева 90 жаштык өмүрүнүн 73 жылын киного жана сахнага арнаган. "Кыргыз театрынын Умай энеси" атыккан актриса атайын актёрлук билим албаса да, табигый жөндөмү, тубаса таланты менен кичинекей эпизоддук образдарды жаркыратып ачып бергендиктен, “кичинекей ролдордун чоң актрисасы” деген ары жөнөкөй, ары таамай баага татыган.

* 1927-жылы, 87 жыл мурун АКШнын Вашингтон штатында бир касапчы балапандын карынынан алты даана уютулган алтын тапкан.

1979-жылы, мындан 35 жыл мурун Исхак Раззаков каза болгон. Кезинде Кыргызстан КП (б) БКнын биринчи катчысы болгон мамлекеттик жана саясий ишмер Исхак Раззаков 69 жашында каза болгон. Ал 2 Ленин, 1-даражадагы Ата Мекендик Согуш жана башка 2 орден-медалдар менен сыйланган.  

* 2005-жылы, мындан туура 9 жыл мурун соңку парламенттик шайлоодон кийин кырдаал курчуп, өкмөттүн Ош облустук өкүлчүлүгүнүн имаратынын кашында Кыргызстан калкынын кезектеги курултайы өткөрүлгөн. Курултайга 7 миң чамалуу адам катышып, алар президент Аскар Акаевдин кызматтан кетишин, чукул президенттик шайлоо өткөрүлүп, парламенттик шайлоо жыйынтыгын жокко чыгаруу талаптарын коюшкан.  

Жылнаама толугу менен бул жакта...  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан