Кечээ, 18-мартта саат 12:00 чамасында Токтогул районунун Кара-Көл шаарынын аймагындагы Бишкек - Ош унаа жолунун 423-чакырымында көлөмү болжол менен 3 миң метр кубга барабар таш кулап, жол убактылуу жабылган. Бул тууралуу КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы жарыялады.
ЖЭМ-30 тарабынан 1 жүктөгүч тартылып, тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Учурда жолдун бир тарабы ачык.