Кадамжай районунун Көтөрмө айыл аймагында болгону 6 гектар сугат жер бар

Кадамжай районунун Көтөрмө айыл аймагында болгону 6 гектар сугат жер бар. Бул тууралуу аталган айыл аймагынын башчысы Махмуд Токторов бүгүн, 19-мартта журналисттер менен болгон жолугушуу учурунда билдирди.

“Көтөрмө айыл аймагы 10 айылдан турат. Анда 8 миңден ашуун адам жашайт. Жергиликтүү тургундардын көпчүлүгү мал чарбачылыгы жана айыл чарбачылыгы менен алектенет. Бул жакта негизги көйгөй - сугат маселеси. Алсак, айылда болгону 6 гектар сугат жер бар, калган 186 гектар жер - кайрак. Учурда сугат маселесин чечүү жолдору каралып жатат”,- деди Махмуд Токторов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан