Баткен. Махмуд Токторов: "Кадамжай районунун Көтөрмө айыл аймагында быйыл 60 орундуу бала бакча колдонууга берилет"      

Быйыл күзүндө Кадамжай районунун Көтөрмө айыл аймагында 60 орундуу бала бакча колдонууга берилет. Бул тууралуу аталган айыл аймагынын башчысы Махмуд Токторов журналисттер менен болгон жолугушуу учурунда билдирди.

“Буга чейин айылда бир да бала бакча болгон эмес. Мындан улам атайын долбоор жазылып, Түркия өлкөсү тарабынан 19 миллион сом бөлүнгөн. Учурда бала бакчанын курулуш иштери бүтүп, 20 комплекс эмеректер алынып келинген. Жакын арада дагы 40 комплекс эмерек келет”,- деди айыл өкмөт башчысы.

Айта кетсек, аталган айылда 780 мектепке чейинки бала бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
kuban_korumbaevich
2014-03-19 10:35:25
Мына ушундай жанылыктар коп болсо абдан жакшы болот эле.
+3
ms.elen
2014-03-19 21:22:44
Абдан жакшы жанылык.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан