22-декабрь күнү Казакстанда Кыргызстандын жараны 42 килограмм героин жана 2 килограмм гашиш менен кармалды. Бул тууралуу Казакстандын жергиликтүү ММКлары билдиришти. Казак Бажы кызматы тарабынан Кыргызстандан Казакстанды көздөй бара жаткан Форд-Фокус унаасын текшерүүгө алганда жогоруда аталган өлчөмдөгү баңгизаты табылган. Аталган факты боюнча Казакстандын Кылмыш кодексинин беренелери боюнча кылмыш иши козголду.