Денис Лебедев менен Гильермо Жонс экинчи беттеш үчүн келишим түзүштү

Орусиялык мушкер Денис Лебедев менен панамалык Гильермо Жонстун ортосундагы экинчи беттеш 2014-жылдын 25-апрелинде Москвада орун алат. Экинчи беттешке мушкерлер 17-мартта кол коюп, азырынча беттеш өтчү жайды аныкташууда. Бул тууралуу орусиялык басылмалар кабарлайт. 
Маалыматка ылайык, келишим боюнча 41 жаштагы Жонс рингге чыкканы үчүн 800 000 доллар өлчөмүндө гонорар алат. Ал эми 34 жаштагы орусиялык мушкер Денис Лебедев алчу сумма ачыкка чыга элек.  

90,7 килограмм салмакта өтө турган беттеште WBA версиясы боюнча чемпиондук наам ортого коюлат. Наам учурда орусиялык мушкерде.

Эске салсак, бул эки мушкердин ортосундагы биринчи беттеш 2013-жылы 17-майда Москвада өтүп, Жонс мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетишкен. Бирок сентябрь айында Жонстун допинг колдонгону ачыкка чыгып, чемпиондук наам Денис Лебедевге кайтарылып берилген. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан