Бишкекте 18-март күнү активдүү түрдө өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келген баңгилердин чогулуучу жайы табылды. Борбордогу Омск көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде жайгашкан аталган жайды жок кылууга негизделген иш-чараны Ленин РИИБинин баңгизатты айлантууга каршы тобу колго алган. Ыкчам операция жүргүзүү маалында бул үйдө кожоюну менен кошкондо 30-35 жаштардагы 5 эркек киши болгон.
Тинтүүдө 420 грамм апийим, колдонулган ийнелер, “Димедрол” дарысы табылган. Алар Республикалык наркологиялык борборго текшерүүгө жеткирилген. Экспертиза алардын баңгизатын колдонуп алышкандыгын ачыктаган. Мындан улам баңгижайды уюштурган баш калаанын 33 жаштагы тургуну С.Роман Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына камалган. Ал мурда КРнын 97-беренеси (киши өлтүрүү), 168-беренеси (каракчылык) менен соттолгону белгилүү болгон. Жогорудагы иш боюнча Ленин РИИБи тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 252-беренеси (баңгизатты колдонуу үчүн жай уюштуруу) менен кылмыш иши козголгон.
Учурда иликтөө иштери уланууда. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.