Орусияда мигранттарды мас абалында ур-токмокко алган жергиликтүү жарандарга карата кылмыш иши козголду

15-марттын түнүндө Орусиянын Ленинград облусуна караштуу Выборгск районунун Поляны айылында жергиликтүү жарандар курулушта иштеген мигранттарды ур-токмокко алганын орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматтарга ылайык, кылмышка шектүүлөр мас абалында кыргыз жана өзбек жарандарын токмоктогону айтылууда. Өзбекстандын 20-22 жаштардагы үч жараны, Кыргызстандын 17-20 жаштардагы эки жараны оор жаракат алып, ооруканага жеткирилишти.

Бул факты боюнча Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин “курал катары колдонулган буюмдар менен бейбаштык кылуу” беренесинин негизинде кылмыш иши козголду. Кылмышка шектүү 8 адам кармалып, ал эми ур-токмокту уюштурган жаран изделүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
tolkun85
2014-03-19 15:33:26
биз тараптан да кун чыгат орусяяяя!
+3
barsa1984
2014-03-19 15:41:32
Булардын бийлик башындагы адамдары өз жарандарын коргойт баарыбир.....
+3
Manasasman
2014-03-19 16:05:05
Бангадан жаны эле чыктым, болбосо колум аябай эле кычышып жатат. Жазгандарыбыз,тушуном эчнерсени чечпейт, бирок бир кыйкырып бугун чыгарып алгандай болосун. Карап туруп кыргыз жери учун куйгон патриот жаштар коп экенине кубанып калам. Алга Кыргыз элим!
+2
Beko87
2014-03-19 16:28:58
чечендерге такыр кучун коргозо алышпайт.байкуш азятарды эле коркутканы коркуткан.
+2
Mech.kg
2014-03-19 16:48:17
Беш кол тен эмес.
Мигрантардын жаман жургондордун кесепети жакшы тынч жургон адамдарга тийип жатат.
+4
Manasasman
2014-03-19 17:19:39
Андай дегенин менен озулорун духун которуп коп кыйкыра башташты. Олипиядасын карасан дагы деле опкосу кооп турат. Мигрантарды адам катары корушпойт, кичине нерсеге ит акмагын чыгарат.
0
Manasasman
2014-03-19 17:29:32
Америкада кыргыздар ноорузга улуттук кийимдерин кийип желегибизди которуп кочого чыгып майрамдык сапар кылышыптыр, москвада ошондой кылып кор, эртеси бир шылтоо таап массалык депортациясын башташат.
+3
lampard8
2014-03-19 18:43:28
Manasasman, хахаха
0
Donchik09
2014-03-20 00:56:23
Оздору ушинтип тийшетда, кол которсон эле болду бизге кол салды деп олумуш болуп алышат. Анан биз кунолуу да алар таптазза.
+2
admin_superstan
2014-03-24 10:15:14
nukuluk, башкалардын улутун кемсинтүүгө тыюу салынат.
3 күн БАН!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан