Баткен. Кыргыз-тажик чек арасынан аткезчилик менен жүк ташып бараткан жарандар кармалышты

18-мартта Лейлек чек ара отрядында чек арачылар тарабынан Тажикстандан Кыргызстанга аткезчилик менен жүк алып келе жаткан МАН үлгүсүндөгү унаа кармалды.

Унаада Баткен облусунун эки тургуну Marlboro үлгүсүндөгү тамекинин 5000ден ашуун блогун алып өтүп баратышкан. Жүктүн жалпы баасы 4 миллион сомдон ашык болгон. Керектүү документтер толтурулгандан кийин кармалгандар жана жүк Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматынын Баткен облусундагы башкармалыгына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
aske2012
2014-03-19 14:54:00
жакшы болбоптур ким болсо да жугун малекетке откоруш керек чыкынчылык кылып жатат булар мамлекетке
0
future_kg
2014-03-19 15:04:43
Тонна тонна, колонна колонна бензиндер ташылганда кайда эленер чек арачылар?
+1
ALAi..14
2014-03-19 15:26:28
future_kg, Сизге кошулам чек арачылар тоок урдагандарды жакшы байкашат,"Балык башынын сасыйт" Башындагыларда барда былыткы.Кунолу болсо тартышсын куноосун аларды актаган жерим да жок бирок,тан калам да.Ошентип майдаланбай чек ара маселесин чечип коюшбайбы,тажиктер кыздарды урду машине талкалашты деп кайра мактанып отурушат.
+2
baybolot
2014-03-19 15:08:01
тажиктерге ххх ххх ххх ххх мамилени такыр узуш керек булардан
-1
admin_superstan
2014-03-19 15:26:36
baybolot, провокацияга жана башкалардын улутун кемсинтүүгө жол берилбейт.
Эсиңизде болсун!
0
Manasasman
2014-03-19 15:11:07
Тууп туура таптакыр кирбес чыкпас кылып койсо, жакшы болот эле.
0
alatookg312
2014-03-19 15:36:09
пограндарга тургандарга бекер тамеки берилет марлборо чегип жыргап калышат экенда
0
alatookg312
2014-03-19 15:40:15
чек араны караган жоокерлер бир тамекини экоо тартып калышкан болчу эми блоктоп марлборо чегишет жок дегенде тамеки тартып туралы да деп токтотконда а то чек ара жабык турганына зееригип кетишен экенда
0
Beko87
2014-03-19 17:16:41
алда бечара ушинтип уй булосун багып жургонда.эр болсонор ошо чек арада жашап коргуло.жамбашынарды плетке ороп ысык уйдо комент жазбай!!
0
Aibek-312
2014-03-19 23:53:14
О. Бабановдун бензидери таджикстанга отуп эле жататко ушуларды эмне айтпайсынар?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан