Эртең, 20-мартта Бишкектеги "Сейтек" жеткинчектер борборунда "Сыйкырланган кылыч" жомок-спектакли коюлат. Бул чыгарма ушу чеберлери тарабынан даярдалган.
Уюштуруучулар билдиргендей, быйыркы замандан бери эле ушу чеберлеринин театрлаштырылган көрсөтүүлөрү белгилүү. "Сыйкырланган кылыч" ушу театрынын толук форматтагы тогузунчу спектакли. Буга чейин да ушу актёрлору бир нече ирет көрүүчүлөргө уламыштардагы сүйүү, достук, баатырдык, чынчылдык тууралуу спектаклдерди тартуулап келишкен.