Алмазбек Атамбаев: "Күйөө баламдын Футбол федерациясынын президенти болушу мага сюрприз болду"

"Күйөө баламдын КРнын Футбол федерациясынын президенти болушу мага сюрприз болду",- деп билдирди президент Алмазбек Атамбаев 24-декабрда журналисттер менен жолугушууда. "Күйөө баламдын ал кызматка барышы мени сүйүнткөн жок. Мен артымдан сөз боло турганын билгем",- деди президент. Ал эми "Бишкектин мэри Иса Өмүркулов президенттин досу болгону үчүн кызматтан түшпөйт" деген суроого ажо: "Бул жалган сөз. Мен Өмүркулов менен жолугушканда эгер кайсы бир айтылып жаткан айыптоолор боюнча күнөөлүү болуп чыксаң, камаласың деп айттым. Чынында, мен кызматта отуруп жыргап кеткен жокмун, жоопкерчилик чоң. Каза болгон балдардын арбагын эстен чыгарбаш керек. Кызматтын айынан достордон, жакын туугандардын ажыраганы турам",- деди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан