Көркөм өнөр музейинде өтүп жаткан кыргыз чеберлеринин жарманкесинен 19-кылымга таандык буюмдарды да көрүүгө болот (фоторепортаж)

Бүгүн, 19-мартта Гапар Айтиев атындагы Көркөм өнөр музейинде кыргыз уздарынын колунан жаралган эмгектердин көргөзмө-жарманкеси өтүүдө. Көрүүчүлөр аталган көргөзмөдөн өлкөнүн төрт бурчунан келген уздардын эмгектерине күбө болушууда. Мындан оюнчуктардан тарта шырдак, жер төшөк, туш кийиздердин түрлөрүн көрүп жана сатып алууга болот экен. 

Көргөзмөгө Айзада Айдарканова, Бурулкан Керимбаева, Билим Жапаров, Зымырат Сакеналиева сыяктуу бир нече уздун эмгектери коюлган.

Дарыгерлик менен узчулукту бирге алып келе жаткан чебер Бурулкан Керимбаева: "Буга чейин эки кесипти бирдей алып келе жаткам. Учурда өз кесибимди биротоло таштап, кол өнөрчүлүккө баш-отум менен кириштим. Узчулук - биздин ата-бабаларыбыздан калган өнөр. Аны биз муундан-муунга өткөрүп берүүгө милдеттүүбүз",- дейт.

Ал эми Таластан келген Билим Жапаров жалаң туш кийиздерди чогултат экен. "Учурда коллекциямда 50дөн ашык туш кийиз бар. Баары 19-кылымда жасалган. Элден сатып алгам. Алардын арасында чоң апам сайган туш кийиз да бар. Анда 15 республиканын герби түшүрүлгөн",- деп сыймыктануу менен айтып өттү.

Уздардын бири, Ат-Башыдан келген Зымырат Сакеналиева көргөзмөгө шырдактарын коюптур. "Бир шырдакты жасоо үчүн 6-7 ай убакыт кетет. Кеткен мээнетиңе, шырдактын көлөмүнө жараша баа коёбуз. Учурда шырдактардын баасы көлөмүнө жараша 10 миңден 30 миңге чейин бааланууда. Кардарларымдын көбү чет өлкөлүктөр. "Экологиялык жактан эң таза продукт" деп 5-6дан алып кетишет. Алар алып барып сатышат экен. Атайын "Шырдак" деген аталышта дүкөндөрү да бар экен",- деп кошумчалады. 

Белгилей кетсек, бул жарманке Аялдардын эл аралык майрамына карата уюштурулган. Иш-чара апрель айына чейин уланмакчы.

Көз жоосун алган көркөм буюмдар
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан