Токмокто "жергиликтүү тургунду өлтүрдү" деп шектелип 37 жаштагы адам кармалды

 

Токмокто 18-март күнү "жергиликтүү тургунду өлтүрдү" деп шектелип 37 жаштагы адам кармалды. Маалыматка ылайык, 14-мартта саат 9:40 чамасында Токмок шаарынын Ички иштер башкармалыгынын күзөт кызматына адам өлтүрүү тууралуу кабар түшкөн. Окуя болгон жерге барган тергөөчү топ шаардын бир үйүндө кыйноо менен өлтүрүлгөн эркек кишинин жансыз денесин тапкан. Маркум башынан жаракат алганы аныкталган. Ал 55 жаштагы жергиликтүү тургун М.Александр экени белгилүү болгон. 

КРнын ИИМинин Башкы тергөө башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Чүй облусунун борбордук аппаратынын милиция кызматкерлери жана Токмок ШИИБи менен бирдикте оор кылмышка шектүү адам кармалды. Мурда киши өлтүрүү боюнча соттолгон Кемин районунун 37 жаштагы тургуну Н.Валерий колго түшүрүлүп, кармалган адам күнөөсүн моюнуна алды. Азыркы тапта Токмок шаарынын убактылуу кармоочу жайына жеткирилди.

Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесине (адам өлтүрүү) ылайык кылмыш иши козголду. Иликтөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан