Көк-Таш – Ак-Сай – Тамдык унаа жолунун курулуш иштери токтоп турат

Көк-Таш – Ак-Сай – Тамдык унаа жолунун курулуш иштери токтоп турат. Бул тууралуу Ош – Баткен – Исфана унаа жолунун башкы инженери Икрамали Акматов бүгүн, 19-мартта журналисттер менен жолугушуу учурунда билдирди.

Анын айтымында, аталган унаа жолунун 4,3-5,6-чакырымдарында чек ара маселеси чечилген эмес. Бүгүнкү күндө болгону 4,1 чакырым жол курулуп бүттү.

“Көк-Таш – Ак-Сай – Тамдык унаа жолунун жалпы узундугу - 24,5 чакырым. Сметалык баасы - 326 миллион сом. Аткарылган жумуштардын баасы - 10,2 миллион сом. Эгер бул жол курулуп ишке берилсе, Баткен районунун Ак-Сай айылына, "Тамдык" чек ара бекетине, Кишемиш жайлоосуна Тажикстандын Ворух анклавын аралап өтпөй калышат”,- деди Икрамали Акматов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Evrazia.
2014-03-19 16:48:49
Бийликте бул маселени чечеала турган адам барбы озу? Баары эптеп калтырап эле жургондой. Коп чындыктар айтылбайт да озу акыбал кандай болуп жатканы.
0
Manasasman
2014-03-19 16:52:29
Бизде чек ара маселесин чече алышпайт. 3 мамлекет менен чектешебиз карап корсонор 100метрдей жерден ото албай 10-20 км айланып келебиз. Дагы эле айлана берет окшойбуз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан