Бишкектен "57 жаштагы аялды зордуктаган" деп шектелип 44 жаштагы адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-мартта Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 57 жаштагы Ж.Равиля “бейтааныш эркек үйүмө кирип алып, күчкө салып мени зордуктады” деп милицияга кайрылган. Ыкчам иликтөө амалдарынын жүрүшүндө “Капкан” аталышындагы рейд уюштурулуп, 44 жаштагы А.Акжол колго түшүрүлдү. Кылмышка шектелген адам Новопокровка айылынын тургуну экени белгилүү болду. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.