Бүгүнкү күн, 19-март - ырчы
Асел Кадырбекова үчүн өздүк майрам. Жыйырма үчүнчү жазын тосуп жаткан ырчыны түнкү саат туптуура 00:00дө дос-курбулары өзгөчө сюрприз менен тосуп алышыптыр. Кантип дейсизби? Аны ырчы өзү айтып берсин.
"Мага мындай жагымдуу сюрпризди жакшылык-жамандыгымды тең бөлүшүп келген дос-курбуларым тартуулашты. Азыркыга чейин ошол мүнөттөр көз алдымдан кетпей турат. Мен бейкапар эле сыналгы көрүп отургам. Апам менен иним улам шыбыраша калып жатышкан. "Эмне болду? Мага деле айткылачы..." десем унчугушпайт. Бир убакта эшиктин коңгуроосу шыңгыраганынан ачсам, курбуларым турат, "Туулган күнүң менен!" деп куттукташып. Көрсө, курбуларым үйдөгүлөр менен алдын ала сүйлөшүп алышкан экен. Үйдүн кире бериши эми укмуш жасалган, шарлар, ленталар, шоколаддар чапталган дубал гезит... Алар жасап алып, 12ге чейин күтүп отурушуптур. Чынында, мен үчүн жагымдуу сюрприз болду. Учурдан пайдаланып, курбуларыма рахматымды айтам",- дейт кубанган ырчы.