Нооруз майрамына карата Ош мамлекеттик социалдык университети ар бир окуу түзүмдөрүндө иш-чара өткөзүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 19-мартта аталган окуу жайдын басма сөз катчысы Арген Нуров билдирди.
Иш-чаранын алкагында кыргыз улуттук оюндары: аркан тартыш, чүкө атмай, сармерден жана кыз узатуу, сүмөлөк кайнатуу, баланы бешикке салуу каада-салттары театрлаштырылан форматта көрүүчүлөргө тартууланды.
Ошондой эле жыл сайын салтка айланган университеттик деңгээлде сүмөлөк кайнатуу аземи да өткөрүлөт.