Нооруз майрамын утурлай өткөрүлүп жаткан майрамдык иш-чараны бүгүн, 19-мартта Жалал-Абад шаарындагы Достук аймактык башкармалыгы өткөрдү. "Сармерден" аталышында өткөрүлгөн майрамга ар улуттун өкүлдөрү катышып, сүмөлөк кайнатышты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кыз-келиндер сармерден айтышып, ыр-күүлөрдү аткарышты. Келген конокторго кыргыздын улуттук сый тамактары тартууланды.
Ал эми Достук аймактык башкармалыгынын башчысы Жыргал Жапаровдун айтымында, мындай майрамдык салтанат ар жылы уюштурулуп, улуттук оюн-зооктор менен коштолот.