Жалал-Абадда уурулукка шектелип 20-21 жаштардагы кыздардан турган кылмыштуу топ кармалды

Жалал-Абадда уурулукка шектелип 20-21 жаштардагы кыздардан турган кылмыштуу топ кармалды. Алардын башчылары Ала-Бука районунун тургуну, 1995-жылы туулган А.А. жана Сузак районунун Кара-Дарыя айыл округунун тургуну, 1994-жылы туулган А.Ж. бирге кезектеги кылмышты жасап жатканда колго түшүрүлүштү. 
Маалым болгондой, 12-мартта Жалал-Абад шаарынын «Нооруз» базарында М.Жаныбек аттуу соодагердин сумкасынан 9000 сом акчасын, ал эми К.Жусупованын кол сумкасынын ичинен 20 000 сомун жана паспортун уурдашкан деп шектелишүүдө
Аларды тинтүүгө алганда кылмышты далилдөөчү буюмдар табылган. Азыркы тапта КРнын Кылмыш-жаза кодексинин "уурулук" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, кармалгандар Жалал-Абад ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу 19-мартта Облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
asiret
2014-03-20 09:26:13
Ой тобоо. Чонтокчу кыздар да пайда болдубу эми
+1
Jenichbek
2014-03-20 10:11:20
чонток кесерлер болуш керек базарга барсан толуп кетти андайлар, укук коргоо органдары менен чогуу иштешет, эл козуно калун кайрып алып кетет анан эле карасан долясын алып чыгарып жиберет
+1
womanstar
2014-03-20 10:12:11
Оо кудай ушул жаш кыздарга эмне жетпейт.Андан коро окушпайбы же иштешпейби.Пенделер эмне болуп бара жатабыз.
+1
Aimeerimka
2014-03-20 11:42:56
Ой бизде жакшы жанылык болобу озу качан окуба олтуруп кетти, атышу болду, жоголуп кетти, урдап кетти дегендерди окуйсун кайда баратабыз адамдар ушунчалык денгелде жаман жолго тушуп алышканбы, баарына жараткан ыйман берсин..
+1
artur_kgboy
2014-03-20 16:08:45
Emnege alardyn atyny jazbaisynar Tashievdyn balasyn atyny tolugu menen jazasynar bul degen tura emes oilongula
0
admin_superstan
2014-03-20 16:33:15
artur_kgboy, күнөөсү далилденип, соттун өкүмү чыккыча "кылмышкер" деп атоого болбойт. Андай адамдарды "кылмышка шектүү" деп толук аты-жөнүн атоого тыюу салынат.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан