Бишкекте уурулукка шектелип 13 жаштагы бала кармалды

Бишкекте “кичи автобустун ичине кирип, 9700 сом акча каражатты уурдаган” деген шек менен 13 жаштагы бала кармалды. Маалым болгондой, адам ташуучу унаанын ээси, 28 жаштагы Т.Эмил уурдоо фактысы боюнча милицияга кайрылган.

Ленин РИИБинин кызматкерлери тарабынан ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү 13 жаштагы А.Ринат кармалды. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу 19-мартта Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы жарыялады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан