Бишкекте Казакстан Республикасынын тургундары уурдоого аракет жасоо боюнча кылмышка шектелип колго түшүрүлдү. Маалым болгондой, 25 жаштагы М.Азирет милицияга кайрылып, “бейтааныш жигиттер унаамдын ичиндеги буюмдарды уурдоого аракет жасашкан” деп арыз жазган.
Укук коргоо органдары жүргүзгөн рейдде кылмышка шектелип 29 жаштагы К.Чыңгыз, 33 жаштагы А.Тынарбек, 35 жаштагы У.Самат кармалды. Үчөө тең Казакстандын тургундары экени белгилүү болду.
Аталган факты боюнча иликтөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу 19-мартта Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы жарыялады.