Сокулук районунда жергиликтүү тургунду сабап салган 6 жаран колго түшүрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 24-декабрда Чүй облустук ИИББинин басма сөз кызматы билдирди. Укук коргоо кызматкерлерине 21-декабрь күнү жергиликтүү тургун, 30 жаштагы Г.В. арыз менен кайрылган. Арызда белгисиз азиат улутундагы 6 адам ээнбаштык кылып, жабырлануучуну себепсиз сабап, Ниссан үлгүсүндөгү унаасын тепкилеп салгандыгы тууралуу жазылат. Келтирилген чыгым 400 АКШ долларын түзгөн. Бул иш боюнча шектүү делип 26 жаштагы К.А., 20 жаштагы А.А., 30 жаштагы С.Б., 23 жаштагы Ж.И., 20 жаштагы К.Б. жана 23 жаштагы Ж.А. кармалып, учурда тергөө иштери жүрүүдө.