Ырчы Жоодарбешим досунун аянычтуу тагдырын чагылдырып клип тартууда

"Супер-Инфо" гезитинин 2013-жылдагы тандоосу боюнча "Жылдын супер дебюту" наамына ээ болгон ырчы Жоодарбешим учурда “Унутулбас махабатым” ырына клип тарттырууда. Бул тууралуу ырчы 19-мартта SUPER.KG порталына кабарлады. 

Анын айтымында, клип 3-4 күндүн аралыгында көрүүчүлөргө тартууланмакчы. Учурда монтаждоо иштеринин акыркы этаптары жүрүүдө. 

"Унутулбас махабатымдын" сөзү да, обону да өзүмө таандык. Негизи, бул чыгарма досумдун тагдырынын айрым учурларынан алынып жазылган. Кыскача мазмунуна токтолсом, кыз менен жигит бири-бирин аябай сүйүп жүрүшөт. Бир күнү жигитинин үйүнө барган кыздын көзү анын күчүгүнө түшөт. Келген сайын ошол күчүк менен ойноону адатка айлантат. Бир күнү жигит күчүгү менен машинада келе жатып жол кырсыгына кабылат. Жетип келген кыз алгач баланы машинадан чыгарып, андан соң күчүктү куткарам деп каза табат",- дейт Жоодарбешим клиби тууралуу.

Миң доллардан ашык каражатты талап кылган бул клип кыштын ызгаар чилдесинде тартылган. Клиптин башкы каарманын Жоодарбешим өзү, анын сүйгөнүн Диана, аялынын ролун Мадина деген кыздар ойногон. Кыздар кастинг аркылуу тандалган. 

"Бул эмгек клипмейкер Нурсултан Кулатов экөөбүзгө таандык. Машинанын жарылган жерин 3D форматында тартууга аракет кылдык. Буюрса, ыр ышкыбоздорунун купулуна толот деген ойдомун",- дейт ырчы.

Унутулбас махабатым
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
feruz1
2014-03-19 18:48:42
жаман кором ушул баланы жакпайт
+2
Aipri
2014-03-20 18:09:12
Продсеринин аркасынан таанылып алып, чанып кеткен балабы?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан