Бакыт Сейитов: “Бишкекте маньяк бар” деген маалыматты Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин студенти тараткан"

 

Акыркы учурда "Бишкекте маньяк пайда болуп, Байтик айылынан сөөгү табылган кызды жана И.Раззаков көчөсүнөн жансыз денеси табылган кызды бир адам өлтүргөн" деген маалымат социалдык тармактарга тарап кеткен. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат катчысы Бакыт Сейитов: “Шаарда эч кандай маньяк жок. Эки кылмыштын бири-бирине тиешеси да жок. Байтиктен табылган кыз боюнча кылмыш ишин иликтөөнү Чүй ОИИББи жүргүзүп жатат. Ал эми Раззаков көчөсүнөн табылган кыз тууралуу кылмыш ишин Бишкек ШИИББи изилдөөдө. Шектүүлөр такталууда. Мындай маалыматты социалдык тармактар аркылуу Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин студенти таратканы маалым болду. Ал азыр телефонун өчүрүп, таптырбай жүрөт. Ошентсе да элге такталбаган маалыматтарды таратпашыңарды суранабыз. Ал дагы жоопкерчилик экенин эсиңиздерден чыгарбасаңыздар”,- деп билдирди.

Эскерте кетсек, 14-мартта Раззаков көчөсүндөгү №3-үйдүн жанынан 20-25 жаштардагы кыздын жансыз денеси табылса, 16-мартта Аламүдүн районунун Байтик айылындагы мүрзөнүн жанынан 19 жаштагы Камила Дүйшөбаеванын сөөгү табылган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
womanstar
2014-03-20 17:09:01
Туура кылдынар ушул маалыматты берип.Эмесе кому не лень жалган окуяларды придумывать кылып жатышат.Кечээ дагы бир социалдык сайттардын биринде кичинекей кыздарды уурдап жатыптыр деген маалыматты окуп кызымды ойлоп аябай переживать эттим.Созсуз жоопко тартыш керек жалган маалымат тараткан адамды.Мага окшогон канча адамдар ар нерсени ойлоп журоктору кыйналышы мумкун.Тем более адам олтуруу, адам уурдоо деген маалымат
ойнобош керек.Эч ким эч нерсеге гарантия бере албайт кырсык болбойт деп.
0
Mirbek.83
2014-03-20 19:19:11
Милиция иштей албай жатат бизде кызматкер жетишпейт дейт таш ыргытсан милициянын башына тийет.
+3
sterva
2014-03-20 22:56:33
Маньяк болсо да силер билбейсинерда. Канча деген кылмыштар катталып атат.Коп кылмыштын бети ачылбай келет.Мумкун ушинтип слух чыгарса, жаш кыздар туну кочодо азырак журуп , элдер оздоруно сак боло баштайт!
0
asha302
2014-03-20 23:37:47
оуу маньяк жок деп коюшат дагы Бишкекте маньяктардын санын санап бутобузбу?
0
tabyshmak
2014-03-21 13:56:47
Макул, маньяк болбосун! Бирок, ошол кыздардын олумуно кимдир бироо себепкер болгон да. Кылмыштын бети ачылбай, кээде белгилуу болсо деле кайра жаап-жашыруунун кесепетинен комускодо калган кылмыштар канча...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан