20-мартта түнкүсүн айрым райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда жамгыр жаайт. Ысык-Көл, Нарын облустарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге чейин жетет.
Чүй облусу. Күндүз +10°C, түнкүсүн +6°C
Талас облусу. Күндүз +9°C, түнкүсүн +5°C
Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз +12°C, түнкүсүн +5°C
Баткен облусу. Күндүз +13°C, түнкүсүн +6°C
Ысык-Көл облусу. Күндүз +9°C, түнкүсүн +1°C
Нарын облусу. Күндүз +7°C, түнкүсүн -5°C
Бишкек шаары. Күндүз +10°C, түнкүсүн +6°C
Эскертүү!
2014-жылдын 19-20-март күндөрү абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек - Ош, Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу, Каракол - Эңилчек, Ала-Бука - Каныш-Кыя унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу сакталат жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.