Жылнаама. 20-март: Мындан 1 жыл мурун Ак үйдүн чатырында 7-Апрель окуясына байланыштуу соттун көчмө жыйыны болуп өткөн

* 2013-жылы, мындан 1 жыл мурун Бишкекте Ак үйдүн чатырында 7-Апрель окуясына байланыштуу соттун көчмө жыйыны болуп өткөн. Ага соттук-тергөө экспертизаны өткөрүү үчүн адис Орозбай Колубаев жана эксперт Павел Берхтольд чакырылган. Сот ишине төрагалык кылуучу судья Дамир Оңолбеков сот процессинин катышуучуларына экспертке жана адиске суроо берүүгө тыюу салган. Бул текшерүүлөр айыпталып жаткан "Альфа" атайын даярдыктагы аскерлер бөлүгүнүн снайперлеринин "Ак үйдүн чатырынан "Ала-Тоо" аянтындагы адамдарды атууга мүмкүн эмес, тиешелүү аймак 2-кабаттан гана көрүнөт" деген билдирүүлөрүнүн негизинде өткөн. 
* 73 жыл мурун, 1941-жылы КРнын Эл артисти, опералык ырчы Дарика Жалгасынова Талас облусунун Кара-Буура районундагы Чолпонбай айылында туулган.

Чыгармачылыкка 1966-жылы Москвадагы П.И.Чайковский атындагы консерваториянын вокалдык факультетин бүткөндөн кийин келген. Опера жана балет театрында Дарика Жалгасынованын эмгек жолу башталып, ал жакта 1978-жылга чейин иштеген. Сахнада театрды түптөгөн Бейшеналиева, Кийизбаева сыяктуу улуулар, Малдыбаев, Жумакматов, Давлесов, Молдобасанов сыяктуу шумкарлар менен бирге ырдап такшалган. 1978-жылы А.Жумакматов атындагы симфониялык оркестрге солист болгон. Жалпысынан искусствого 45 жыл кызмат кылган. Бул мезгилде 700гө жакын ыр жаралып, анын 300дөйү алтын казынага сакталды. 

Дарика Жалгасынова опера ырчысы гана эмес, акын катары да белгилүү. Баш-аягы 5 китеп жаратып, акыркысы "Триумф жана трагедия"  деп аталган. Театр өнөрүнүн устаттары тууралуу 600 беттүү көлөмдүү чыгарма. Анда 20-кылымда опера-балет театрында, филармонияда, Кыргыз драма театрында эмгектенген улуу инсандар жөнүндө сөз болот.

 

11 жыл мурун, тактап айтканда, 2003-жылы Иракка эл аралык коалициялык аскер күчтөрү басып кирген. Орусия, Кытай, Германия, Франция сыяктуу өлкөлөр каршы турганына карабастан, АКШ баш болгон Англия, Австралия жана Түркия мамлекеттери "массалык кыргын салуучу курал бар" де­шип, Иракка кол салып киришкен. Кийинчерээк кыргын салуучу куралдын Иракта жок экенин АКШ бийлиги моюнуна алган. 

Жылнаама толугу менен бул жакта... 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан