Ош облусунун Чоң-Алай районунда Нооруз майрамына карата 20-мартта
Имамидин Маматмусаев атындагы балдар бакчасында ата-энелер үчүн "Сармерден" сынагы өтөт. Бул тууралуу Чоң-Алай районунун акиминин орун басары
Саадат Туйгунова билдирди.
Анын айтымында, Ноорузга карата бардык айыл округдарында иш-чаралар өткөрүлүп, мыкты даярдык көргөн айылга райадминистрация тарабынан акчалай сыйлыктар жана түстүү сыналгы тапшырылат.