Бишкектеги А.Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында бүгүн, 19-мартта “Кыргызстандагы Вена балы борборунун” ачылышы болду. Иш-чарага жаңы бийлеп баштаган дебютанттар катышып, аталган борбордун ачылышы өзгөчө шаң менен өттү.
Уюштуруучулар белгилегендей, ачылыш азем КРдагы Социалдык өнүгүү жана ишкердик институту менен биргеликте жүзөгө ашып жатат. Вена балынан түшкөн каражаттар Ош, Жалал-Абад облустарындагы мектеп-интернаттарга, Ош шаарындагы көрүүсү начар жана көзү азиз балдар мектебине которулары белгилүү болду.