Тиматиге сүйүктүүсү, фотомодель Алёна Шишкова кыз төрөп берди

Орусиянын "Фабрика звёзд" долбоорунун катышуучусу, рэп ырчысы Тимати биринчи жолу ата болуу бактысына ээ болуп, кубанып турган чагы. Тагыраак айтканда, ага сүйлөшүп жүргөн кызы, 21 жаштагы фотомодель Алёна Шишкова кыз төрөп берди. Бул тууралуу рэпер 19-мартта Instagram`га "мына, менин да туягым улана баштады..." деп жарыялап, төрөт үйүнүн залынан түшкөн сүрөтүн жайгаштырган.

Рэпер маалымдагандай, ымыркай Доминикан Республикасындагы клиникалардын биринде 4 килограмм салмакта жарыкка келген. Боюнун узундугу - 53 сантиметр. Ага Алиса деген ысым ыйгарышкан.

Белгилей кетсек, эки жаштын махабаты тууралуу ушактар байма-бай айтылып жүргөнү менен, Алёнанын кош бойлуулугу тууралуу жакындарынан башка эч ким билген эмес.

Азырынча эки жаш расмий түрдө баш кошуу тууралуу эч кандай маалымат берише элек.

 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
womanstar
2014-03-20 10:07:51
Я рада.Молодцы.
+2
NSS88
2014-03-20 13:14:52
Красава Тимати омурун берсин
+1
mahabat.
2014-03-24 00:20:42
никесиз торолду бечара наристе
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан