"Супер-Инфо" гезитинин 2013-жылдагы тандоосу боюнча "Заманыбыздын супер ырчысы" наамынын ээси, этнорок стилиндеги ырлардын аткаруучусу Каныкей турмуш жолуна аттанам деп турган чагы.
Маалым болгондой, бүгүн, 20-мартта кайын журту ага кыргыздын салты боюнча сөйкө салышмакчы.
Ырчынын айтымында, күйөө бала Нарындын кулуну. Учурда АКШда эмгектенет.
Ырчынын бул тууралуу маегин "Супер-Инфонун" №594-жаңы санынан окуй аласыздар.