Кечээ, 19-мартта саат 16:00 чамасында Ысык-Көл облусунун Ананьево айылындагы Абдрахманов атындагы орто мектепте өрт кырсыгы орун алып, мектептин чатыры жана китепкана өрттөндү. Бул тууралуу Жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, китепканадан чыккан өрттөн китептер, плакаттар күйүп, мектептин чатырына чейин жеткен. Натыйжада 80 чарчы метр аянттагы чатыр жана китепкананын 40 чарчы метри күйгөн. Куткаруучулар тарабынан 700 китеп сакталып калган. Бактыга жараша, кырсыктан жаракат алгандар болгон жок.
Өрт өчүрүүчүлөр тилсиз жоону 2,5 саат аралыгында толугу менен токтотушкан.