Чүй облусунун Сокулук районунда "чогуу жашаган аялды өлтүргөн" деп шектелип 51 жаштагы адам кармалды. Маалым болгондой, 17-мартта аталган райондун Маловодное айылында 51 жаштагы айымдын жансыз денеси өз үйүнөн табылган. Кылмышка шектүү катары аны менен чогуу жашаган 50 жаштагы Ц.Валерий колго түшүрүлгөн. Кармалган адам күнөөсүн моюнуна алып, убактылуу кармоочу жайга жөнөтүлдү. Аталган факт боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу 20-мартта Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди. |