Аламүдүн районунда унаа уурдоого шектелип 20 жаштагы Ысык-Көлдүн тургуну кармалды. Маалыматка ылайык, 19-мартта милицияга 33 жаштагы Лебединовка айылынын тургуну кайрылып, ошол түнү белгисиз адамдар анын Дэу-Лабо үлгүсүндөгү унаасын үйдүн короосунда токтоп турган жеринен уурдап кетишкенин айтып кайрылган.
Аталган кылмышка шектүү адам кармалып, ал Ысык-Көл облусунун 20 жаштагы тургуну А.Н. экени белгилүү болду.
Учурда шектүү адам күнөөсүн моюнуна алып, убактылуу кармоочу жайда кармалууда. Уурдалган машина ээсине кайтарылып берилди. Уурдоо фактысы боюнча тергөө жүрүүдө. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.