Бишкектеги атышуу: Унаанын ээси табылып, жаракат алган адам изделүүдө

Бишкекте Совет - Арал көчөлөрүнүн кесилишинде атылган унаанын ээси табылып, аталган факт боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, унаанын ээси 2 жума мурун машинасын саткан. Бирок документтештирген эмес. Ошондой эле унаасын ким сатып алгандыгы тууралуу маалыматы жоктугун айткан.  

Укук коргоо органдары "Ниссан Сефиронун документтери жасалма болушу мүмкүн" деп божомолдошууда. Мындан сырткары рулда 1 адамдын отурганы белгилүү болду. Учурда окуя болгон жерде тергөө иштери жүрүүдө. Атышуу болгон жерден кан табылган жана жаракат алган адамды издөө иштери жүрүүдө.

Эске салсак, 20-мартта эртең менен белгисиз адамдар Ниссан Сефиро үлгүсүндөгү унааны атып кетишкен. Атылган октор Калашников менен Макаров куралдарына тиешелүү экени аныкталып, унаадан эч ким табылган эмес. 

Бишкекте эртең менен Совет-Арал көчөлөрүндө атышуу болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
alatookg312
2014-03-20 13:00:29
отпечаткасын да алганды билишпейби
0
tolkun85
2014-03-20 14:12:05
тез эле табылышса керек. тапкандан кийин тутуп аларды да ордунда атып салышат.
0
Topcubai
2014-03-20 14:38:24
alatookg312 алар отпечатка алганды билишпейт.Алар 1гана акча алганды билишет
+6
chingizhan01
2014-03-20 15:48:08
Кийин таппай калышса Бакиевдер экен деп коюшат.
+5
artur_kgboy
2014-03-20 15:59:24
chingizhan01, obada bugada bakiev kunolu bolup kalat korosun
+3
nazhiev80
2014-03-21 01:46:11
chingizhan01, жардынго
-3
only_progress
2014-03-20 16:23:24
Машинасын саткан, оформить эткен эмес, саткан адамын тааныбаса муну кандай тушунуш керек? Точно ложное показание. Бул жерде мафиялардын иши бар экени корунуп турат. Бул ишти аягына чейин ача албайт орган кызматкерлери, духу жетпейт. Тынч жашоону каалашат.
+3
Mirbek.83
2014-03-20 18:09:25
милицияларга караштуу болсо керекда жалган показание бергенине караганда
-2
tumarchik
2014-03-20 19:56:14
Кана кечеки кыйын болгон МАИчилер Оперлер кармасын ушуга окшогондорду жаш баланы чыркыратып ыйлатып жонокой адамды жерге жыкпай.
+1
o.aza
2014-03-20 20:03:48
tumarchik, туура айтты кошулам биздин ИИМдин колуна тушуп берип очойтуп акчаларды бере берсен да
+1
semakg
2014-03-22 03:46:53
tumarchik, Тура айтасын Ташиевдин баласын тонировка учун кармап 12 ДПС жургон экен эле кана ошолор дагы издешсин табышсынчы коройлуу? рулда 1 адамдын отурганы белгилүү болду дейт ал келесоо кишиге деле белгилууго? машина озу журмок беле? ал жерде 2же 3 адам болгон Калашников менен аткан болсо тируу адам калбады болуш керек.. бирок олукторун жуктоп кеткенине караганда тирууда болушу мумкун, Милиция мындай окуяны дароо эле таап кармаса болотда алсыз болбой.. же митингтерден бошобойтасы
0
mikeno
2014-03-20 21:35:15
Жаман болуптур. Ботон жерде болсом да жанылыктарды кундо окууга аракет кылам. Россиядай кылып автомобильдерди оформление кылганды арзандатыш керек. Доверенность деген болбогон кеп. Номерин алмаштырса 2000сом алмаштырбаса техпаспортко 500сом кылса элдин баары озунун атына оформление кылышмак. Анан видеокамераларды Бишкеке койсо болмок. штрафтар да оз дарегине бармак. штрафтары бар машине баары бир сатылып жатканда ээси тарабынан штрафы толонмок. Окмотко, элге,камера койгон фирмага да пайда болмок
0
Bella-life
2014-03-20 21:55:28
Супер Инфо эмне Крим Инфо болуп баратабы,
качан кирбейин жүрөктү түшүргөн жаңылыктар чыгып турат.
Жакшы жаңылыктарга басым жазагылачы,
аоыста жүргөндөр үчүн Кыргызстан крим дүйнө сыяктуу эле сезилип атат
+2
kapo1
2014-03-21 00:06:03
туура айтасын.Кыргызстан Москвадагы иштеп жургондор учун коркунучтуу коруно баштады,окуп олтурсан уурдоо,зордуктоо,адам олтуруу кобойуп кундон-кунго осуп жаткансыйт
+1
semakg
2014-03-22 03:50:43
kapo1, Кандай жанылык болсо ошону жазышатда эмне анан силерге Султан кызыл койнок алды.. Мирбек кара шым алды, Омар кучук багып алды дегендер жагабы не?
0
tynara1983
2014-03-21 06:59:52
Аша кимди куноолор екен атылган адамды Бакиеев аттырган дечу эле еми Бакиев жок
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан