23-мартта Куурчак театрында «Биз куурчак ойнойбуз» аттуу оюн-зоок кечеси өтөт

21-Март - Бүткүл дүйнөлүк куурчак ойнотуучу чеберлеринин күнүнө карата Муса Жангазиев атындагы Мамлекеттик куурчак театры 23-мартта саат 11:00дө «Биз куурчак ойнойбуз» аттуу оюн-зоок кечесине чакырат. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты.

Маалыматка ылайык, иш-чарада ар кандай оюн-зооктор, сынактар уюштурулуп, куурчак ойнотуу чеберчилиги көрсөтүлөт. Мындан сырткары көрүүчүлөргө сахнадан "Каардуу чал" жана "Теремок" спектаклдери тартууланат.

Белгилей кетсек, Бүткүл дүйнөлүк куурчак ойнотуучу чеберлеринин күнү Эл аралык куурчак театрынын ишмерлер союзунун демилгеси менен түзүлгөн. Бул күндү белгилөө идеясы белгилүү Иран куурчак театрынын ишмери Живаду Занфагарихого таандык. 2003-жылдын 21-мартынан бери бул майрам катары белгиленип, дүйнө жүзүндөгү куурчак ойнотуучу артисттердин башын бириктирип келет.

             

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан