Бүгүн, 20-мартта Австралиянын премьер-министри Тони Абботт аталган материктин жээктеринен дайынсыз жоголгон малайзиялык учактын калдыктары табылгандыгы тууралуу билдирүү жасады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, калдыктар табылган аймакка издөө операциясы менен атайын учактар жөнөтүлдү. Калдыктар Малайзиядан Пекинге багыт алган Боингге тиешелүү экени так аныктала элек.
Эске салсак, 8-март күнү Малайзиянын Куала-Лумпур аба майданынан Кытайдын Пекин шаарына сапар тарткан Боинг-777-200 учагы 239 жүргүнчүсү менен дайынсыз жоголгон. Учак асманга көтөрүлгөндөн 2 саат өткөн соң байланыш үзүлгөн. Акыркы жолу экрандан анын Вьетнам жана Малайзиянын ортосундагы деңиздин үстүндө учуп бара жатканы көрүнгөн.
Учакты издөөгө 26 мамлекет катышууда.