17-мартта Нарын районундагы “Кыргыз Тянь-Шань жайыт жана мал чарбачылык илим изилдөө институту” аталышындагы мамлекеттик асыл тукум заводунун директору С.Ч. бир канча берене менен колго түшүрүлдү.
Нарын районунун прокуратурасы тарабынан аталган заводго текшерүү жүргүзүлгөн. Анда заводдун директору С.Ч. расмий документтерге жалган маалыматтарды киргизип, мыйзамсыз түрдө 2313 килограмм “Казакстан-10 Элита” буудайын базар баасы 28 сом болгон учурда килограммын 9 сомдон сатканы аныкталды.
Ошондой эле ал базар баасында ар бири 70 миң сомдон турган 4 жылкыны 50 миң сомдон сатканы белгилүү болду. Мындан улам мамлекетке келтирилген материалдык зыян 127 064 сомду түзгөн.
2014-жылдын 17-мартында Нарын районунун прокуратурасы тарабынан заводдун директору С.Ч. жана башка жооптуу адамдарга карата КРнын Кылмыш-жаза-кодексинин 304-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 305-беренеси (кызматтык ыйгарым укуктардан аша чаап кетүү) жана 315-беренеси (кызматтык документтерди оңдоо) боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу 20-мартта КРнын Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирди.