Баткен мамлекеттик университетинин ректору пара алып жаткан жеринен кармалып, кылмыш иши козголду

Баткен мамлекеттик университетинин ректору пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 20-мартта билдирди. 

Маалыматка ылайык, март айынын ортосунда милицияга аталган аймактын жашоочусу арыз жазган. Ал окуу жайдын ректору кабыл алуу комиссиясынын кызматына мүчө болуу үчүн 1000 АКШ долларын талап кылганын айткан. Жогорудагы факты боюнча Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоду. 

17-март күнү укук коргоо органдары тарабынан жүргүзүлгөн операциянын жүрүшүндө БатМУнун ректору пара алып жаткан жеринен кармалды. Азыркы тапта Баткен облустук прокуратурасы иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
chingizhan01
2014-03-20 15:52:23
Ошол алган парасын кайра берип кутулуп кетет.
0
tumarchik
2014-03-20 19:16:11
Таиров деген бекен фамилиясы аты жонун да жазбайсынарбы эгер ошол болсо уже пора анын пара алганын токтотконго.
0
elmer
2014-03-20 23:54:20
Урматтуу Admin пара алган кишинин аты жонун тактап жазып койушунарды суранабыз!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан