Ош. Алай районунда Нооруз майрамын белгилөө концерттик программа менен коштолду

19-мартта Алай районунун Коңур-Дөбө, Жошолу, Алай, Бүлөлү, Будалык айылдарында Нооруз майрамы белгиленди. Бул тууралуу аталган райондун басма сөз катчысы Аскар Машеров билдирди.

Маалыматка ылайык, Жошолуда боз үйлөр тигилип, жамааттардын кол өнөрчүлүк, тамак-аш көргөзмөсү, айылдык Маданият үйүнүн таланттарынын концерттик программасы тартууланып, кыргыз элинин оодарыш, күрөш, аркан тартыш, кол күрөш жана ордо сыяктуу улуттук оюндары ойнолду.

Майрамдык салтанатка Алай районунун акими Таалайбек Сарыбашов жана мекеме жетекчилери катышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Talant88
2014-03-21 13:36:35
Журогум менин ,,Алайым''
+1
infiniti
2014-03-22 18:25:44
Алайым ар дайым бар бол!
0
Altysha92
2014-03-22 19:25:43
Алайым менен сыймыктанамын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан