"Заманыбыздын супер алып баруучусу" Нурзат Токтосунова эми түрк телеканалында алып баруучулукту аркалайт

"Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча "Заманыбыздын супер алып баруучусу" Нурзат Токтосунова эми Түркиянын ТРТ "Аваз" телеканалында алып баруучулукту аркалайт. Бул тууралуу бүгүн, 20-мартта Нурзат айым SUPER.KG порталына маалымдады.
Маалыматка ылайык, жакында эле Нурзат Токтосуновага аталган телеканалдан сунуш түшкөн. "3 айлык келишимдин негизинде, июль айына чейин Анкара шаарына, ТРТ "Аваз" телеканалына иштегени кетип жатам. Мурда аталган телеканалда иштеп калганыма байланыштуубу билбейм, айтор, мени тандашыптыр. Азырынча кайсы берүүнү алып барарым белгисиз. Менимче, 5 өлкөнүн ортосунда түзүлгөн "Телекөпүрөнү" жаңылап эфирге алып чыгат окшойбуз. Анткени башка 5 өлкөдөн да журналисттер чакырылыптыр. 
Учурда "эфирге жалаң кыргыздын улуттук кийимдерин кийип чыгайын" деп формаларымды даярдап чуркап жүргөн кезим. Буюрса, Нооруз майрамын майрамдап алып, 24-мартта учуп кетем",- дейт Нурзат.
 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
aitowa11
2014-03-20 15:25:07
Ийгилик каалайм. Дагы да бийиктиктерди багындырсын. Мен ото сыйлайм Нурзат эжени.
0
elizaveta
2014-03-20 15:54:02
Ийгилик каалайбыз
0
ermekbaevna
2014-03-20 16:20:38
мага да ушул эже абдан жагат, дагы дагы бийиктиктерди каалайм....
0
admin_superstan
2014-03-20 18:09:07
wwwwalmaz, провокацияга жол жок! Билдирүүңүз өчүрүлдү.
0
tumarchik
2014-03-20 19:23:36
Нурзааат кетпечи сенсиз КТР коргум да келбей калат.
0
mir89kg
2014-03-20 22:04:57
Ал жакта чага не бар, озубуздо эле кал. Ботон журта ШАХ болгочо, оз уйундо дербиш бол дейт. Кетпесен жакшы болот эле!
-2
mir89kg
2014-03-20 22:06:07
Ката жазып койуптурмун кечириниздер.
0
nagi82
2014-03-22 08:41:14
Ушул эжекей алып барды беле Аалам сыры передачасын
0
merim
2014-03-24 03:44:20
nagi82, ал НАзира АЙтбекова болуш керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан