Мамлекеттик кызматкерлерди кыргыз тилине жана сөз чеберчилигине окутуу курсу жыйынтыкталды. Бул тууралуу Президенттин алдындагы мамлекеттик башкаруу академиясынан билдиришти. Окууну мамлекеттик кызматтагы кызматкерлер, жумушка жаңы кирген жаш адистер угушту. Курста мамлекеттик кызматкер оратордук чеберчилик менен сүйлөй алышы жана расмий иш-кагаздарын мыкты билүүсү эске алынган. Алар башкаруу формасы, мамлекеттик кызматты түшүнүү, мамкызматкерге болгон талаптар боюнча билим алышты. Катышуучулар окуунун аягында тест тапшырып, үй тапшырмаларды аткарып, контролдук иштерди беришти. Жакшы аткаргандарга сертификаттар ыйгарылды. Акыйкатчы институтунун кызматкерлери чыр-чатактарды чечүү жолдору, эскертүү боюнча курсту угушту. Тренинг-семинарды академиянын профессордук-окутуучулук жамааты жана серепчилер алып барышты. Окутуу курстары ноябрь айынан башталып, ар кайсы министрлик, ведомстволор кезеги менен 2 жумадан окушту.