Бүгүн, 20-мартта Беловодск айылындагы мектепке чейинки балдар үйү өзгөчө шаңга бөлөндү. Дегеним, ыктыярчылардын демилгеси менен Нооруз майрамына карата бөбөктөргө концерттик программа уюштурулуп, жагымдуу маанай түзүлдү. Келген конокторго аталган балдар үйүнүн тарбиялануучулары ырдап-бийлеп, оюн-зоок тартуулашты.
“Беловодск балдар үйүндө 3 жаштан 7 жашка чейинки 100 бала тарбияланат. Алардын 60ка жакыны аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары. Ата-энелик укугунан ажырагандардын балдары да ушул категорияга кирет. Ал эми калган 40 баланын ата-энеси, туугандары дем алыш күндөрү келип учурашып турушат. Ал ата-энелер оор турмушка кабылып, чүрпөлөрүн биздин үйгө тапшырууга аргасыз болгондор. Бул жакта биз балдарды мектепке чейин даярдап, анан интернатка өткөрүп беребиз. Бизге жардам көрсөткөндөр көп. Ошондуктан балдар бүгүн жакшынакай кийимдерди кийип жүрүшөт. Аларга чоң рахмат!”- деди келген конокторго ыраазычылык билдирген балдар үйүнүн жетекчиси Анна Горохова.