18-мартта Орусиянын Южно-Сахалинск шаарында Кыргызстандын эки жараны чатырды кардан тазалап жатканда жерге кулап түшүштү. Бул тууралуу бүгүн, 20-мартта орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматтарга ылайык, окуя Южно-Сахалинск шаарынын Победа - Ленин көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган.
Маалым болгондой, “Жилищник” ишканасынын эки кызматкери чатырды кардан тазалап жатканда кар менен кошо жерге түшүп кетишкен. Бири ичи менен жыгылса, экинчиси бели менен жыгылып, колун сындырып алган. Чатырдан кулап түшкөндөр Кыргызстандын 24 жана 25 жаштагы жарандары экени белгилүү болду.