Кыргыз шоу-бизнесинин өкүлдөрү үйсүз калган жаныбарларды коргоо боюнча долбоорду колдоп, учурда видеотүрмөккө тартылышууда. Бул тууралуу бүгүн, 20-мартта алып баруучу
Нурзат Токтосунова билдирди.
"Бул долбоор ырчы Юлия Руцкая жана клипмейкер Александр Беловдун демилгеси менен уюштурулуп жатат. Мага сунушташканда эле дароо макулдугумду бердим. Анткени шаарыбызда кароосуз калган жаныбарлар көп. Кышкысын үшүп турган жаныбарларды көргөндө бооруң ооруйт. Тентек балдардын аларды таш менен уруп, бензин чачып өрттөп жаткан учурлары да кездешет. Буюрса, жакын арада бул видеотүрмөк экрандардан көрсөтүлө баштайт. Биз мындай кадамга баруу менен элди боорукердикке, кайрымдуулукка үндөй алабыз деген ишеничтемин",- дейт долбоордун катышуучуларынын бири Нурзат Токтосунова.
Белгилей кетсек, бул долбоорду Омар, Алтынай Нарбаева, Юлия Руцкая, Салтанат Аширова, Гүлнара Тойгонбаева, Эрнест Абдыжапаров, Нурзат Токтосунова, Евгений Акопян, Ассоль Молдокматова, Алексей Филатов, Эркин Рыскулбеков, Жан Воинов, Салтанат Саматова, Галина Горноженко колдоого алышкан.