18-мартта интернетте пайда болгон видеожазууда наристенин көзүнчө атасына зомбулук көрсөткөн МАИ кызматкерине карата эч кандай чара көрүлө элек. Бул тууралуу бүгүн, 20-мартта Жол-кайгуул кызматынын катчысы Тилек Оторов SUPER.KG порталына маалымдады.
Анын айтымында, 2014-жылдын 6-мартында айдоочу менен Жол-кайгуул кызматынын кызматчысынын ортосунда чыккан чыр боюнча Бишкек ШИИББи кызматтык тергөө амалдарын жүргүзүп жатат. Айдоочу Октябрь райондук прокуратурасына арыз жазган.
“Учурда аталган прокуратура айдоочунун арызы боюнча иликтөөлөрдү жүргүзүп жатат. Нооруз майрамынан кийин тергөө иштери бүтөт деген үмүттөбүз. Анын натыйжасында ким күнөөлүү экени белгилүү болот”,- дейт Тилек Оторов.
Эскерте кетсек, 18-мартта интернетке Жол-кайгуул кызматынын инспектору айдоочуну жерге жыгып турганы тууралуу видеожазуу чыгып, талкууга алынган. Андан соң Жол-кайгуул кызматы өз видеожазуусун толугу менен тараткан.