Аба ырайы: 21-Март - Нооруз майрамында өлкөдө жаан-чачын күтүлбөйт

21-мартта түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаайт, күндүз жамгыр жаабайт. Ысык-Көл, Нарын облустарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге чейин жетет.

Чүй облусу. Күндүз +13°C, түнкүсүн +5°C

Талас облусу. Күндүз +12°C, түнкүсүн +2°C

Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз +13°C, түнкүсүн +1°C

Баткен облусу. Күндүз +13°C, түнкүсүн +5°C

Ысык-Көл облусу. Күндүз +10°C, түнкүсүн +1°C

Нарын облусу. Күндүз +10°C, түнкүсүн -7°C

Бишкек шаары. Күндүз +12°C, түнкүсүн +4°C

Эскертүү!

2014-жылдын 20-25-март күндөрү абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек - Ош, Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу, Каракол - Эңилчек, Ала-Бука - Каныш-Кыя унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу сакталат жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
duiusheev
2014-03-20 23:16:07
аллаха шугур!!! Туулган кунумдо жаан жабайт экен.
+1
Gulirka
2014-03-21 00:49:22
duiusheev, Туулган кунунуз менеееен =))
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан