Эртең, 25-декабрда Чүй облусуна караштуу Ленин жана Аламүдүн айылдарында оңдоо иштерине байланыштуу электр энергиясы болбойт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ААКсынын басма сөз кызматы билдирди. Саат 9:00дөн 17:00гө чейин Ленин айылынын Восточный, Виноградный, Алма-Ата, Набережный көчөлөрүндө, Бажы постунун жана "Бакай" базарынын аймагында, Аламүдүн айылынын Молодёжный, Гоголь көчөлөрүндө электр жарыгы өчүрүлөт.