Бүгүн, 21-мартта Нооруз майрамына карата Бишкекте өтө турган иш-чаралар учурунда коомдук тартипке 3 миңге чукул милиция кызматкери көз салат.
Маалыматка ылайык, милиция тарабынан өзгөчө көңүл борбордук “Ала-Тоо” аянты жана “Аккула” ат майданына бурулат. Ал жакта спирт ичимдиктерди, жардыруучу буюмдарды сатууга тыюу салынат. Мындан тышкары шаарда жол эрежесин сактоо максатында Жол-кайгуул кызматынын кошумча кызматкерлери даярдалыптыр.
“Мыйзам бузуу, кылмыш жана кырсыктарга күбө болсоңуздар, 102 телефон номери аркылуу бизге кайрылгыла”,- дейт Бишкек ШИИББи.